Баткен: Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу

Баткен: Чек арада абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу элементтер менен коштолуп, салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, тажиктер ок атууну токтоткон. Учурда чек арачылар  күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, чек ара тилкелердеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги күч түзүмдөрдүн иш-аракетин Мамалекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев координациялоодо.

Белгилей кестек, 10-январга караган түнү кыргыз тажик чек арасында жаңжал чыгып, тажиктер тарабынан бир нече жолу ок атылган. Коңшу өлкөнүн жарандары кыргыздардын унаасын жана үйлөрүнө таш ыргытышкан.

Милиция кызматкерлери жаңжал чыккан аймактагы жергеликтүү тургундарды коопсуз аймакка убактылуу көчүргөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>