Сүрөт – Чек арада өрттөлгөн үйлөр

Сүрөт – Чек арада өрттөлгөн үйлөр

Тажикстандын агрессиясынын айынан Баткен облусунда келтирилген зыянды эсептөө боюнча комиссия ишин баштады. Бул тууралуу облус башчынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

“Жабыркаган объекттерди, жарандардын тонолуп-уурдалган мал-мүлкү боюнча атайын комиссия түзүлүп, ишин баштады. Бир жуманын ичинде эсептеп бүткөнгө аракет кылабыз”, — деди ал.

 Тажикстан тараптын кол салуусунан улам Баткен районунун Достук айылындагы турак үйлөр, социалдык объекттер талкаланып, өрттөлгөн.

14-17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга агрессиялык кол салуусунан улам чек арада 59 кыргызстандык жаран курман болуп, дагы 144 киши жараат алды. Аймактан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду», — деп айыптады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>