Жогорку соттун төрагасы ишти создуктурган судьяларга катуу чара көрүлөрүн эскертти«Кыргызкөмүр» Кара-Кече үчүн 26 млн сомго жаңы техника сатып алдыБишкек шаарында жаңы сквер курулуудаИБР Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого $44,6 млн бөлөтБишкектеги Тез жардам борборунун директору КМШ өлкөлөрүнүн сынагында жеңүүчү болду«Эл алдында тизе бүгүүгө даярмын»: Рамиз Алиев депутат Сурабалдиевага жооп берди
Баткен: Кечке жуук сарайдан өрт чыкты
13.06.2022 | 22:08
Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аталган айылдын тургуну А.А. таандык үйдүн сарайындагы тилсиз жоонун кесепетинен 60 даана шифер, 140 метр рейка, 24 даана айырмач (стропила), 40 метр устун жана 117 даана таңгакталган чөп чыгым болгон.
3 өрт өчүрүүчү куткаруучунун ыкчам аракети астында жалын саат 16:20да чектөөгө алынып, саат 17:15те толугу менен өчүрүлдү.
Бактыга жараша өрттөн жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар