Нарын шаарында сел жүрдү (ВИДЕО)

Нарын шаарында сел жүрдү (ВИДЕО)

Бүгүн, 13-июнда нөшөрлөп катуу жааган жаандан улам Нарын шаарынын РТС аймагында 3 коктуда, ошондой эле Көтөрмө, МСО жана башка аймактарда сел жүрүп, турак үйлөрдү, көчөлөрдү каптап, көпүрөлөрдү жарактан чыгарды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Жарандык коргонуу штабы тарабынан табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп жатат. Окуя болгон жерлердеги абалды облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев өзү кыдырып көрүп, шаар тургундары менен баарлашууда.

Чыгыш көчөсүнүн тургундары үйүн суу каптап кеткен Кенжебек Аалиевге жардам берүү керектигин, көпүрөнү калыбына келтирүү зарылдыгын өтүнүп, калган үйлөрдү ынтымак менен өздөрү тазалап алаарын жана көп үйлөрдү өздөрү сактап калганын айтышты.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу жана тактоо иштери улантылууда.

 

Тэги: Нарын сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>