Баткен: Көчүрүлгөн элге медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Баткен: Көчүрүлгөн элге медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Баткенде убактылуу пунктардагы жарандар биринчи керектелүүчү каражаттар менен камсыздалууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 16-сентярбрда саат 13:00гө карата Баткен облусунда учурда жарандар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эвакуацияланып, убактылуу пункттарына жайгаштырылгандар жууркан-төшөктөр менен камсыз болууда.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан ысык тамак-аш уюштурулуп жатат. Жеринде ӨКМ кызматкерлери менен кошо Жарандык коргонуу кызматтары, анын ичинде медицина кызматкерлеринен түзүлгөн бригадалар иш алып барууда. Өмүр сакчылары элге психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.

Буга чейин Лейлек району боюнча айылдардын 70-80 пайыз эли өз алдынча чыгып кетишкени маалымдалган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>