Баткен коогалаңынан улам пенсиясын ала албай жаткандар эмне кылышы керек?

Баткен коогалаңынан улам пенсиясын ала албай жаткандар эмне кылышы керек?

Баткен коогалаңынан улам пенсиясын ала албай жаткандар эмне кылышы керек? Социалдык фонддун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө ушул суроого жооп берет.

Социалдык фонд Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек арага чектеш айылдарында жашаган жана чек арадагы чыр-чатактан сентябрь айында пенсия албай калган жарандары жүргөн жери боюнча Социалдык фонддун жакынкы райондук башкармалыгына же төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылса болоорун эскертет:

1) (312) 53-05-10

2) (312) 53-04-73

3) (312) 53-17-49

4) (703) 79-01-22

5) (705) 66-95-00

6) (704) 20-02-55.

Социалдык фондунун кызматкерлери албай калган пенсияларды төлөө боюнча толук маалымат беришет.

Ошондой эле мурда «Кыргыз почтасы» ААКнын почта бөлүмдөрү же «Элкарт» төлөм карталары аркылуу пенсия алган пенсионерлер картасын жоготкон учурда пенсияларды «Айыл Банк» же «РСК Банк» банкынын филиалдарынын кассалары аркылуу пенсия ала алышат. Ал үчүн жогорудагы телефон номерлерине чалып, өзү жөнүндө маалымат жана байланыш телефон номерлерин калтыруу керек.

Социалдык фондуна акча каражатын которгондон кийин, пенсионерлер «Айыл Банк» же «РСК Банк» мекемелеринин филиалдарынын каалаган кассасына кайрылып паспорту менен пенсия каражатын алууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: пенсия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>