Баткен: Милиция 14 айылдын элин көчүрүүгө көмөктөшүүдө

Баткен: Милиция 14 айылдын элин көчүрүүгө көмөктөшүүдө

Баткенде милиция кызматкерлери кырдаалды жөнгө салуу багытында бардык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын ишмердүүлүүгүн координациялап, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти сактоо багытында бардык коопсуздук чараларын жүргүзүүдө.

Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана ИИМдин Ички аскерлеринин №707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө.

Өздүк курам тиешелүү каражаттар жана техникалар менен жетиштүү деңгээлде камсыздалып, башка күч түзүмдөрү менен бирдикте кызмат өтөшүүдө.

Андан сырткары, коопсуз аймактарда элди убактылуу жайгаштыруу пункттары уюштурулгандыктан, Баткен ОИИБдин кызматкерлери чек арадагы атышууга байланыштуу Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарынын жана Төрт-Көчө участкасынын, ошондой эле Лейлек районунун Кулунду, Достук, Максат, Жаңы-Жер, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин айылдарынын тургундарын көчүрүүгө жардам беришип, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Учурда абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Учурда Баткен облусунун күч түзүмдөрү толугу менен коомдук тартипти сактоо жана кырдаалды жөнгө салуу багытында бардык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Саат 10:15ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>