Чек ара чыры: Кыргызстан менен Тажикстан УКМК башчылары жолукту

Чек ара чыры: Кыргызстан менен Тажикстан УКМК башчылары жолукту

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 16-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышууда.

“Буга байланыштуу атуу интенсивдүүлүгү төмөндөөдө. Ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды андан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат”, — деп айтылатм аалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Саат 10:15ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>