Баткен жана Чоң-Алайдан канча адам эвакуацияланганы айтылды  

Баткен жана Чоң-Алайдан канча адам эвакуацияланганы айтылды  

Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.

Ошондой эле Баткен облусуна жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат.

Аймактардан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Облустарда жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>