Ташиев менен Ятимов жолугушуп, протоколго кол коюшту — видео

Ташиев менен Ятимов жолугушуп, протоколго кол коюшту — видео

Кечээ, 19-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу иштеринин алкагында Тажикстандын УКМКсынын Саймумин Ятимов менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой бул жолугушууда эки тарап протоколго кол койгон. Кыргызстан тараптан протоколго Камчыбек Ташиев, ал эми тажик тараптан Саймумин Ятимов кол койгон.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жана ок атышууну токтотуу, абалды жайгаштыруу тууралуу жетишилген келишимдерди аткаруу үчүн тараптар ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлган. Анда согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана аскердик техниканы туруктуу жайгашкан жерине чыгарып кетүү, чек ара тозотторун жана комендатураларды биргелешип инспекциялоо, 14 жана 16-сентябрда болгон куралдуу кагалыштарды тыкыр иликтөө жүргүзүү каралган», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, тараптардын чек ара аймагында тынчтык жана туруктуулукту тезинен калыбына келтирүү боюнча биргелешкен иши улантылууда.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш болуп, Кыргызстан тараптан 59 киши каза болуп, жабыркандардын саны 183тү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>