Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Баткен жана Лейлектин тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот, – Ташиев
25.09.2022 | 16:50
Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында коопсуз аймактарга эвакуацияланган Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
“Жашоочулар өз алдынча үйлөрүнө кайта берсе болот. Эгерде мүмкүнчүлүк жок болсо, анда жергиликтүү бийлик органдары ӨКМ менен биргеликте транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, транспорт издеп кыйналбаңыздар. Анын баарын өзүбүз уюштуруп беребиз. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот”, – деп билдирди Ташиев.
Бүгүн, 25-сентябрда Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз