Кыргыз-тажик чек арасынан төрт пост алып салынат. Протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасынан төрт пост алып салынат. Протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту Кыргызстан жана Тажикстан тараптан тең алына турган болду. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал бүгүн чек ара маселесине байланыштуу тараптардын жолугушуусу өткөндүгүн жана анын жыйынтыгында жаңжалды токтотуу, анын кесепеттерин жоюу жана мындан ары жол бербөө максатында протоколго кол коюлганын баса белгиледи.

Ташиев протоколдун негизинде төмөнкү төрт пост алып салына тургандыгын айтты.

  • «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
  • «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
  • «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
  • «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).

«Бул чек ара посттору ар дайым жаңжалдын чыгышына себеп болот. Аталган жерлерге аскер кызматкерлери дагы, жай тургундар дагы чыкпайт. Муну менен мурдагы болуп жаткан жаңжалдын булактарын жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деп билдирди ал.

УКМ башчысы мындан сырткары, протоколдун экинчи пункту менен кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо иштерин тездетүү макулдашылганын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>