Дарыгер жөнөтүлөт. Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин абалы айтылды

Дарыгер жөнөтүлөт. Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин абалы айтылды

Камактагы Ырыс Жекшеналиевге 29-сентябрда  кардиолог дарыгер жөнөтүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан даярдалган расмий билдирүүгө ылайык, айыпталуучу Ырыс  Жекшеналиев 9-сентябрда Жаза аткаруу кызматынын дарыгерлери тарабынан текшерүүдөн өтүп, эки бөйрөгүнүн, ички органдардын УЗИден өтүүсү, МРТ жана кардиологдун консультациясы сунушталган.

22-сентябрда айыпталуучу Ы.Жекшеналиев Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлеринин коштоосунда Юрфа медициналык борборуна жеткирилип, баш мээсинин жана бел омурткасынын МРТсы, ошондой эле ЭКГсы тартылган.

№6 ҮМБнун директору менен макулдашуу боюнча 29-сентябрда №1 тергөө изоляторуна кардиолог-дарыгер мекемеде отурган бейтаптарга консультация берүү үчүн жөнөтүлөт.  Айыпталуучу Ы.Жекшеналиев да ал дарыгер тарабынан консультациядан өтөт.

“Ошондой эле 23-сентябрда Ы.Жекшеналиев ден соолугуна арызданганда дароо жарандык тез жардам бригадасы чакырылган.  Анын кызматкерлери айыпталуучуну текшерип, бирок ооруканага жаткыруу үчүн эч кандай  негиз жок экенин айтып, кетип калышкан. Учурда Ы.Жекшеналиевдин жалпы абалы канааттандырарлык, ал №1 тергө изоляторунун  медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>