Баткен жана Ошту калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралды

Баткен жана Ошту калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы үйлөрдү жана социалдык инфраструктураларды калыбына келтирүү үчүн 3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген каражат мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт. Сумма “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралган.

«Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоптүзөөгө, калыбына келтирүүгө жана курууга жумшалат. Анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак жай курууга, ошондой эле жолдорду реконструкциялоого багытталат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Баткен Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>