Транспорт министринин милдетин аткаруучу жамаатка тааныштырылды

Транспорт министринин милдетин аткаруучу жамаатка тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Тилек Текебаевди тааныштырды.

Минкаб башчысы транспорт тармагында башталган реформаларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ири долбоорлорду ишке ашыруунун, анын ичинде унаа жолдорун, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолдорун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал эми Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>