Баткенде абал тынч

Баткенде абал тынч

Баткен жана Согди облустарынын милиция кызматкерлери Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулуңду айылдарында биргелешкен кайгуулдарын улантышууда жана ички кайгуул Баткен районундагы Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында улантылууда. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  Баткен облустук милиция чек арага жакын жайгашкан аймактарда мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.  Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. 31-январына карата абал тынч, кырдаал туруктуу.

Баткен облустук милициянын начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов облустук ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамынын коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялоо багытында иш-чараларын жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>