Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалдыАз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн көбү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун ала алатThe Pussycat Dolls тобунун жылдызы Николь Шерзингер Бишкектеги Көчмөндөр оюндарында ырдайтБишкектеги «Мадина» базарында ири өрт өчүрүлүүдө30-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайт«Рухтун жел кайыктары»: Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды
Баткенде автоунаа ала салып тойго бараткан 4 киши каза болду
08.12.2020 | 16:08
Баткен районунда жол кырсыгынан 4 адам көз жумду. Бул тууралуу “Репортерго” облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-декабрда Баткен районунун Кара-Булак айылына жакын жерде Ош–Баткен–Исфана жолунда болгон. Анда Кара-Булак айылынан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа менен Бужум айылына тойго бара жаткан адамдар жол кырсыгына учураган. Айдоочу рулга ээ боло албай автоунаа жолдон чыгып ала салып кеткен.
Жол кырсыгынан 4 адам ошол жерде мерт кетип, дагы бир адам жаракат алып ооруканага түшкөн.
[su_image_carousel source=”media: 51204″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар