Баткенде сел жүрүп, Ош-Раззаков унаа жолу жабылдыТаласта дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза таптыОш шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандык адистер Кытайдын темир жол кадрларын даярдоо системасын үйрөнүүдөКундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулуудаУлуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө
Баткенде бир нече кызмат адамдары иштен алынды
05.05.2021 | 10:15
Премьер-министр Баткен облусунун кызматкерлерин кызматтан алуу боюнча бир катар буйруктарга кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Ага ылайык, Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Абдыманап Жакбаров Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Акылбек Орозов Баткен районунун акими кызматынан бошотулду. Баймурат Бекмуратов Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду.
Буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат