Ошто бокс боюнча TURKSEN 3 эл аралык турнири өтөтКыргызстанга бажы алымы жок дагы 10 миң электромобил алып кирүүгө уруксат берилди — МБКМектепте 8-класстар үчүн «Инженердик технологиялар» сабагы киргизилетЭксперт: Чет өлкөлүктөр үчүн суррогат эне болууга тыюу салуу бул тармакты көмүскөгө түртөтТаш-Көмүрдөгү «Капитальная» көпүрөсү эс алуу жайына айландырылатАраван районунда газоблок заводу курулууда
Баткенде бир нече кызмат адамдары иштен алынды
05.05.2021 | 10:15
Премьер-министр Баткен облусунун кызматкерлерин кызматтан алуу боюнча бир катар буйруктарга кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Ага ылайык, Эрлан Сапарбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Абдыманап Жакбаров Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Акылбек Орозов Баткен районунун акими кызматынан бошотулду. Баймурат Бекмуратов Лейлек районунун акими кызматынан бошотулду.
Буга чейин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат