Баткенде бир жумада 22 мас айдоочу кармалды

Баткенде бир жумада 22 мас айдоочу кармалды

Баткен облусунда бир жума ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузган 710 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-декабрдан 18-декабрга чейин ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана  болтурбоо максатында иш алып  барылып, Баткен облусу боюнча 710 жол кыймылынын эрежелерин бузуу  аныкталды.

Алардын ичинен мас абалында автоунаа башкарган — 22, айдоочулук күбөлүгү жана автоунаага тийиштүү докумменттери жок авто унаа башкарган — 16, кыймылдын белгиленген ылдамгынан ашырып айдаганы үчүн — 129, башка ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн — 542, терезесин караңгылатып айдаган — 1 айдоочу аныкталды. Убактылуу токтотуучу айып короого — 29 автоунаа токтотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>