Россиянын Чек ара кызматы Бишкектен ижарага жер алат

Россиянын Чек ара кызматы Бишкектен ижарага жер алат

Бүгүн, 19-декабрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматына Бишкектеги эки имараттын алдындагы жерди ижарага берүүнү колдоду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров Reporter.kg’ге билдиргендей, Россиянын Чек ара кызматы жеке жактардан эки имаратты сатып алып, андан кийин анын алдындагы жерди ижарага алууну чечкен.

«Россия Федерациясынын Чек ара кызматы жеке жактардан эки имаратты сатып алган. Имаратты сатып алганга мыйзамдуу укугу бар. Ал эми анын алдындагы жер сатылбайт, жер ижарага гана берилет. (Комитеттин жыйынында — ред.) ижара берүү маселеси каралды», — деди ал.

Ал билдиргендей, жер көп жылдык пайдаланууга ижарага берилет (49 жылга). Ижаранын акысы символикалык түрдө коюлган.

«Мамлекеттер аралык мамиле болгондон кийин ижара акысы символикалык түрдө коюлган. Жердин аянты 1 миң 700 чарчы метрди түзөт», — деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл июнь айында Россиянын Чек ара кызматы Бишкектин Жибек Жолу (№ 539) жана Керимбеков (№ 107) көчөлөрүндө жайгашкан жерлерди ижарага алууну палндап жатканы белгилүү болгон.

Аталган даректеги имараттар кызматтык пайдалануу үчүн алынууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>