Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Баткен облусунда чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-ноябрь күнү  Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунун 38  жаштагы тургуну  Н.О. Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө мыйзамсыз бир нече жолу кирип-чыккандыгы аныкталып, кармалды.

Учурда Кылмыш-жазык кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>