Баткенде эки чек ара тозоту ачылып, эки пост жаңыланды (сүрөт)

Баткенде эки чек ара тозоту ачылып, эки пост жаңыланды (сүрөт)

Баткенде «Ак-Сарай», «Максат» чек ара тозоттору ачылып, «Жаштык» жана «Чон-Талаа» чек ара бекеттери жаңыланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, «Ак-Сарай» тозотунун курулушу 2011-жылы башталып, ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы анын курулуш иштери улантылып, быйыл бүткөрүлгөн.

«Жаңыдан курулган заставада чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган», — деп билдирет УКМК.

Ошондой эле, «Максат» чек ара тозотунун имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына ылайык жакшыртылган.

«Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фелдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.

Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар»,  -деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, «Жаштык» жана «Чон-Талаа» чек ара посттору толугу менен жаңыланган.

«Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалган», — деп билдирет УКМК.

Кечээ, 28-майда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев аталган чек ара тозотторун менен чек ара бекеттеринин ачылышына катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>