Баткенде эки жашар кызын сабаган аял бир айга камалды

Баткенде эки жашар кызын сабаган аял бир айга камалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки жашар кызын сабаган аял бир айга камакка алынды. Мындай чечимди 1-февралда райондук сот чыгарды.

Наристесин сабаган аял 2023-жылдын 1-мартына чейин СИЗО-53тө болот.

Буга чейин маалымдалгандай, 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну А.Б. арыз менен кайрылып, анда  жарандык никеде жашап жүргөн аялы —  Кадамжайдын Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына  катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган.

2020-жылдын март айынан тарта Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну менен Кадамжайдын Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. жарандык никеде жашап жүрүшкөн. Алар 2021-жылдын 13-мартында А.Х. аттуу кыздуу болушкан. 2023-жылдын январь айынын башында экөө өз ара келише албай, мындан улам чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен Ш.М. 2023-жылдын 5-январында кызы  А.Х.ны  уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча наристе кызга карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Ш.М.  уюлдук телефондору далил буюм катары алуу жүргүзүлгөн.

Ал эми жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кызын сабаганын видеого тартып, жолдошуна жиберген аялга иш козголду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>