Кызын сабаганын видеого тартып, жолдошуна жиберген аялга иш козголду

Кызын сабаганын видеого тартып, жолдошуна жиберген аялга иш козголду

Баткен облусунда эки жашар кызын сабап, видеого тарткан аялга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 27-январында Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну А.Б. арыз менен кайрылып, анда  жарандык никеде жашап жүргөн аялы —  Кадамжайдын Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган маалымат Кадамжай РИИБдин Маалыматтардын электрондук журналына  катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган.

2020-жылдын март айынан тарта Кадамжай районунун 1984-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну менен Кадамжайдын Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. жарандык никеде жашап жүрүшкөн. Алар 2021-жылдын 13-мартында А.Х. аттуу кыздуу болушкан. 2023-жылдын январь айынын башында экөө өз ара келише албай, мындан улам чогуу жашабай калышкан. Ошол себептен Ш.М. 2023-жылдын 5-январында кызы  А.Х.ны  уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча наристе кызга карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Ш.М.  уюлдук телефондору далил буюм катары алуу жүргүзүлгөн.

Ал эми жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Көңүл бургула! Видеодо зордук-зомбулук көрүнүштөрү камтылган. Сезимтал адамдарга көрүүгө сунушталбайт. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>