Баткенде ишкерди тажик жараны өлтүрүп кетти

Баткенде ишкерди тажик жараны өлтүрүп кетти

Баткенде чайкана иштетүү менен алектенген 58 жаштагы ишкерди тажик жараны өлтүргөнү аныкталды. Бул туурасында Баткен облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Исфана шаарынын 35 жаштагы тургуну жергиликтүү милицияга 58 жаштагы Э.А. аттуу атасы чайкана иштетип жүргөн жеринен дайынсыз жоголуп кеткендигин айтып, кайрылган.  Мындан улам ишкердик жүргүзгөн обьектиге кароо жүргүзүү иштери башталып, чайкананын көмүр сактоочу жайындагы таштандылардын арасынан изделип жаткан кишинин сөөгү табылган. Анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталып, шектүүнү издөө иштери башталган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылында качып жүргөн Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Ханобад айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы Х.А. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү Х.А. мурда Өзбекстанда оор кылмыш жасап соттолгон. Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз кесип киргендиги белгилүү болгон.

Ушул тапта кылмышка шектүү Х.А. жергиликтүү милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>