Жумабеков жаңы клиникалык ооруканада иштеп жатат

Жумабеков жаңы клиникалык ооруканада иштеп жатат

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Сабырбек Жумабековду мурдагы өзү иштеген, азыркы аты өзгөргөн Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында иштеп жатканын билдирди.

Ал Дамир Дүйшөновго айтсам, “мен Сабырбек Жумабеков менен жакшымын. Аны менен сүйлөшүп жумушту алып кетем” деди. Ошондон кийин мен аны президент менен жолуктурдум. Азыр ооруканада ишти өткөрүп алуу болуп жатат. Сабырбек Артисбекович өзүнүн кабинетинде отурат” – деди.

Ошондой эле министр жаңыдан Шаардык клинкалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөрүп жаткан, мурдагы Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунда Дамир Дүйшөнов 14 жыл иштегенин кошумчалады.

Буга чейин юрист Замир Жоошев аталган борборду мыйзамсыз жоюлганын жана анын жетекчисин мыйзамсыз иштен алганын айтып чыккан болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>