Садыр Жапаров “Керемет банкты” сатуу боюнча мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров “Керемет банкты” сатуу боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “КР Улуттук банкынан “Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Министрлер кабинетинин сатып алуусу жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 14-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө органы – Улуттук банктын кызыкчылыктарынын каршы келип калышына жол бербөө үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда Министрлер кабинети Финансы министрлиги аркылуу «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун жөнөкөй энчилүү акцияларынын жалпы санынын 97,45 пайызын түзгөн 84 770 588 даана сандагы, «Керемет Банк» ААКынын Улуттук банкка таандык жөнөкөй энчилүү акцияларынын пакетин сатып алары каралган.

Министрлер кабинети сатып алуучу акциялардын пакетинин баасы рыноктук нарк катары аныкталат жана 7 126 432 000 сомду түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>