Алмазбек Атамбаев митинг даярдап жатабы? Уулунун жообу

Алмазбек Атамбаев митинг даярдап жатабы? Уулунун жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 28-январда Бишкекте митинг өткөрүп, революция жасоого даярданып жаткандыгы боюнча маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook  баракчасында жазды.

Анын айтымында, атасы  жакын арада Кыргызстанга келбейт. Ал чет өлкөдө дарылануусун улантууда.

«Акыркы күндөрү чагымчыл, жаштарды саясый кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатат. Расмий түрдө билдирем, атабыз Алмазбек Атамбаев ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт. Мындай маалыматтарды биздин ички же сыртта жүргөн душмандар гана уюштурушу мүмкүн. Өлкөгө туруктуулук керек. Баарыңыздарды ынтымакка чакырам!», — дейт депутат.

Сеид Атамбаев мындай чагымчыл маалыматтарды таркатууга экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жакындарын күнөөлөйт.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 2023-жылдын февраль айында абактан чыккандан кийин дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>