Баткенде мал уурдап жүргөн топ кармалды — сүрөт

Баткенде мал уурдап жүргөн топ кармалды — сүрөт

Баткен облусунда алты мал уурулук фактысына шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милицияга Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, талаада байланып турган эки уй жана бир торпок уурдалган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүү катары 2 адамды — 31 жаштагы Ж.Ф. жана 20 жаштагы Т.С. кармашты. Алардын дагы ушул сыяктуу беш кылмыш фактысына тиешеси бар экени белгилүү болду. Юридикалык баа берүү үчүн алардын шериги 28 жаштагы Р.Б. дагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>