Екатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор барКыргызстанда жумуш ордундагы ыдык көрсөтүү боюнча кайда даттанууга болот?Путин Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевди «Достук» ордени менен сыйлады
Бишкек-Ташкент автобустары күн сайын каттайт
19.04.2022 | 09:38
Бишкек-Ташкент автобустук каттамдары күн сайын аткарылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Бишкектин Батыш автобекетинен автобустар күн сайын саат 23.30да чыгат. Билеттерди автовокзалдын кассасынан сатып алууга болот. Билет баасы эки эсе кымбаттады. Азыр чоңдордун билети 2000 сом, балдар билети 1000 сом турат.
“Ошол эле учурда жүргүнчүлөр коронавирустук инфекцияга ПЦР терс тестин тапшырып, же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты алып жүрүшү керек”, – деп эскертти Транспорт министрлиги.
Эске салсак, Ташкенттен жүргүнчүлөрдү ташыган алгачкы автобус Бишкекке 16-апрель күнү эртең менен келген. Каттам 2020-жылы коронавирустун пандемиясынан улам токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом