КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Баткенде маркасы жок дизель саткан май куюучу жай аныкталды
09.04.2025 | 15:43
Баткен облусунда маркасы жок дизелдик майын саткан автомай куюучу станция аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жайда маркасы жок дизелдин көлөмү 12 миң 689 тоннаны түзгөн. Ал эми жалпы суммасы 946 миң 599 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн.
Салык кызматы маркасы жок отунду сатуу Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналаарын эскертти.
“Милдеттүү маркасы жок күйүүчү-майлоочу майларды сатуу административдик гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да алып келиши мүмкүн”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом