Баткенде мечиттин сейфин карактап кетишти

Баткенде мечиттин сейфин карактап кетишти

Сүлүктүдөгү мечиттен акча уурдоог шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-февралдан 20-февралга караган түнү Сүлүктү шаарындагы “Нур-Вали” борбордук мечитинин эсепканасындагы темир сейфин бирөөлөр бузуп, ичиндеги 77 миң сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкен.

Бул факты Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Анын алкагында Кулуңду айылдык базарынан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б.аттуу тургуну шектүү катары кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мурда дагы шаардагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>