Жапаров улутту, элди козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти

Жапаров улутту, элди козуткандарга чара көрүлөрүн эскертти

Элибиздин ынтымагына доо кетирип, улуттар ортосундагы достукту бузгандарга катуу жаза колдонулат. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумунун катышуучуларына кайрылуусунда айтылат.

Өлкө башчысы Кыргызстанда ар бир жараны этносуна, динине, аймагына жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ экендигин белгиледи.

«Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө элибиздин ынтымагына доо кетирсе, улуттар ортосундагы достукту бузса, өзүнүн даражасына, ээлеген кызматына карабай мамлекетибиздин алдында мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат! Мен эч кимге Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербейм», — дейт Садыр Жапаров.

Президент укук коргоо органдары улуттук биримдикке  жана өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирген ар кандай билдирүүлөргө дароо реакция кылып, чара көрүп жатканын эскертти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>