Абиров катышкан мушташ: Тараптар элдешип, кылмыш иши жабылды — видео

Абиров катышкан мушташ: Тараптар элдешип, кылмыш иши жабылды — видео

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 28-мартта тараптар жолугушуп, Абиров жабыркаган күзөтчүдөн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн кечирим сураган.

“Жабырлануучу тарап дагы Орозо айында кечиримдүү болуу керектигин жана  бири-бирин түшүнбөстүктүн айынан ушул окуя болуп кеткенин белгилешип, кечиришкенин айтышкан”, — деп билдирди өздүк булак.

Ошондой эле, маалым болгондой, бул окуя боюнча кармалган эки адам камактан бошотулду.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 27-мартта мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми БШК анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин райондук бир мандаттуу округда эки айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалышы керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Милиция окуянын катышуучулары аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ур тепкиге кабылган жаран ооруканага жаткырылган.

14-мартта Жаныбек Абиров аталган окуя боюнча үн катып, сабалган жарандан жана элден кечирим сураган.

Бул окуядан кийин Башкы прокурор Жогорку Кеңешке депутат Жаныбек Абировду айыпкер катары жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген. 

15-мартта Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>