Баткенде 100 миң сомдук мыйзамсыз жүк ташып бараткан жаран кармалды

Баткенде 100 миң сомдук мыйзамсыз жүк ташып бараткан жаран кармалды

Баткенде Өзбекстанга үч электр араа станогун мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында Й.А.А. аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан «Hyundai Avante» унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унааны текшерүү учурунда колго жасалган үч электр араа станок табылган. Анын наркы 100 миң сом деп бааланган.

Кармалган жаранга карата укук бузуулар кодексинин 372-1-беренесине ылайык 60 миң сом айып салынган. Андан тышкары товар үчүн эки эселенген 24,5 миң сом өлчөмүндө бажы төлөмү белгиленген.

«Hyundai Avante» унаасы бардык жагдайлар такталганга чейин Ош шаардык терминалына жеткирилген. Унааны конфискация кылуу үчүн тиешелүү материалдар сот органдарына жөнөтүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>