Нарында курулуш башкармалыгын эки кызматкерине иш козголду

Нарында курулуш башкармалыгын эки кызматкерине иш козголду

Нарын облустук курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалым болгондой, Нарын облустук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына спорт залын курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышканы аныкталган.

Алар иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшпөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 4 млн 473 миң 536 сомдук зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Нарын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>