Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Баткенде тамактануучу жайлардын санитардык абалы текшерилди
05.10.2020 | 16:03
Баткен облусунда бир жума ичинде рейд жүрүп, 3389 обьекттин санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров брифингде билдирди.
Натыйжада 709 эскертүү берилип, 308 протокол түзүлүп, 389 миң сом айып салынды. 4 учур кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Алар чектөөлөргө баш ийбей той өткөргөн 2 учур жана санитардык талаптарды аткарбаган бир базар, бир ашкана.
Облуста эпидемиологиялык абал кооптуу болуп жаткандыктан, санитардык талаптардын сакталышы боюнча рейддер тынымсыз жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом