Баткенде Тажикстандан «Ягуар» ичимдигин ташыган жаран кармалды

Баткенде Тажикстандан «Ягуар» ичимдигин ташыган жаран кармалды

Баткенде Тажикстандан «Ягуар» ичимдигин алып келген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында, 18-октябрда Кыргызстандын аймагына Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө көлөмүндөгү “Ягуар” ичимдиги алкоголдук продукция аныкталган.

Көрүлгөн чаралар менен жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан Кыргызстандын жараны К.А.А. бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү фактысын тастыктаган, ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы бир шериги жүк ташуучу унаада Тажикстанга качып кеткен.

Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>