Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Баткенде ураган шахтанын алдында калган адам табылды
24.12.2020 | 09:38
Баткенде ураган шахтанын алдында калган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-декабрда издөө иштеринин натыйжасында 37 жаштагы М.З. аттуу адамдын жансыз денеси табылып, урандынын алдынан алып чыгышкан.
Аны издөө иштерине 16 куткаруучу, 6 милиция кызматкери, 20 шахта кызматкерлери тартылган.
Белгилей кетсек, кечээ, 22-декабрь күнү Сүлүктү шаарындагы “Ашымбай” шахтасы урап түшүп, 1 киши калып калгандыгы кабарланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар