Депутат: Мөңгүлөрдү сактап калбасак, келечекте суусу жок калабыз

Депутат: Мөңгүлөрдү сактап калбасак, келечекте суусу жок калабыз

«Жашыл Кыргызстан» экологиялык акциясынын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары акча чогултуп, Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылына 2300дөн ашык көчөт отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-майдагы парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, төрт гектар жерге 6000 чычырканак көчөтү отургузулган. Жергиликтүү бийлик тийиштүү жер бөлдүрүп, ал жакты курчоого алып, суу чыгарып, жооптуу адамдарды дайындаган.

“Мындай акцияны жыл сайын өткөрөбүз деп ишенем”, — деген депутат каражат топтоп берген эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, депутат экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө байланышкан маселелерге көңүл буруп, парламенттик дипломатияны колдонуу менен инвестиция тартуу сунушун көтөрдү.

Эл өкүлү акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарганын белгилеп: «Эгерде мурда алардын аянты 8 миң чарчы километрге жакын болсо, азыркы учурда 6 миң чарчы километрге да жетпейт. Акыркы 30-40 жылдын ичинде эле 164 мөңгү эрип кетти. Бул мөңгүлөрдү сактап калууга чара көрбөсөк, келечекте суу жок болуп кетиши мүмкүн», — деди Н.Кадырбеков.

Депутат ошондой эле экологиялык аспектилерди эске алуу менен эл аралык мамилелер тармагында макулдашылган саясатты иштеп чыгуу зарылдыгын билдирип, экопедагогика, суу ресурстарын сактоо жана экотуризмди өнүктүрүүнү маселелерине кеңири токтолду.

«Экологиялык таза долбоорлорго инвестиция тартуу менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрө алабыз», — деди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>