Быйыл 30 миң сомдон көп пенсия алгандардын акчасы көтөрүлөбү? Соцфонддун жообу

Быйыл 30 миң сомдон көп пенсия алгандардын акчасы көтөрүлөбү? Соцфонддун жообу

Быйыл 1-октябрда Кыргызстанда пенсия 38%га, эң аз дегенде 500 сомго көбөйтүлдү. Пенсия 30 миң сомго чейин акча алгандардыкы көтөрүлүп, андан жогорку алгандардын пенсиясын көтөрүү маселеси каралып жатканы кабарланган. Reporter.kg Социалдык фондго кайрылып, «30 миң сомдон көп пенсия алган пенсионерлердин акчасы быйыл көбөйтүлүп берилеби?» деген суроо узатты.

Социалдык фонддон билдиришкендей, 30 миң сомдон жогорку пенсия алган жарандардын пенсиясын көтөрүлбөйт.

«Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 38%га көтөрүү боюнча Кыргызстандын президентинин жарлыгы чыккан. Жарлыкка ылайык, Социалдык фонд 30 миң сомго чейин пенсия алган пенсионерлердин пенсиясын эсептеп, 2023-жылдын октябрь айынан тартып төлөмдөрдү толук жүргүздү. Жарлыкта 30 миң сомдон жогору пенсияларды көтөрүү каралган эмес», — деп билдиришти Соцфонддон.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда пенсионерлердин саны 763 миңден ашат. Алардын ичинен пенсия көтөрүлгөнгө чейин 2,4 миң пенсионер 30 миң сомдон көп акча алып келген. Аталган 2,4 миң кишинин пенсиясы быйыл көтөрүлбөйт.

Канча киши 2 миң сомдой жана канча адам 30 миңден ашык пенсия алары белгилүү болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>