Жалал-Абадда чөнтөкчү аял кишинин телефонун уурдап алган. Шектүү Бишкектен кармалды

Жалал-Абадда чөнтөкчү аял кишинин телефонун уурдап алган. Шектүү Бишкектен кармалды

Жалал-Абад шаарында уурулукка шектелген жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 31-январда болжол менен саат 14:40та Жалал-Абаддагы борбордук базарда белгисиз жаран 30 жаштагы аял кишинин күрмөсүнүн чөнтөгүнөн “Самсунг А23” телефонун уурдап кеткен. Бул боюнча ал милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка 39 жаштагы М.Д. аттуу жаран шектелип, ал Бишкектен кармалган.

“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектүү жаран Жалал-Абад шаарында чөнтөк уурулук менен алектенип, бир нече телефон уурдагандыгы аныкталган. Буга чейин уурулук беренеси менен сот жообуна тартылгандыгы дагы белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары уланууда”, — деп билдиришти милициядан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>