Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Баткенде жер боюнча адис кармалды
17.02.2023 | 16:42
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер боюнча адиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Д.га жана жер адиси К.А.га жер тилкелерин мыйзамсыз берүү жана сатуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМКдан белгилешкендей, 16-февралда жер адиси К.А. буга чейин пара иретинде алган 50 миң сомду кайтарып жаткан учурда кармалган. Ал Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын тургунунан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин бергендиги үчүн мурда 100 миң сом пара алган.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз