Караколдогу мечиттен акчаны уурдаган үч жигит кармалды

Караколдогу мечиттен акчаны уурдаган үч жигит кармалды

Караколдо мечиттен акча уурдоого шектелген 3 жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-февраль күнү милицияга телефон аркалуу билдирүү түшүп, анда түнкү саат 03:00 чамасында, Каракол шаарынын  Ибрагим  Ажы  атындагы  борбордук мечитинин  садака салуучу кутучасынын ичинен 3000 сом акча каражатын 18-20 жаштагы  3 бала уурдап кеткендиги билдирген.

Аталган билдирүү Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза Кодексинин 205 (Урдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Каракол ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышкерлерди кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  тез аранын ичинде  шектүүлөр колго түшүрүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Алар, Каракол шаарынын тургундары 2001 ж.т. А.А., Т.К. жана 2002 ж.т. Т.Т. болуп чыккан.

Алгач суракта, шектүүлөр күнөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, келтирлген чыгымдын ордун толугу менен толуктап беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>