Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы
Баткенде жүргүнчү ташыган унаалардын абалы текшерилди
07.12.2022 | 09:16
Баткен облустук милициясынын ЖКККБнын өздүк курамы тарабынан жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу максатында, Баткен облусунун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын айдоочуларына карата атайын рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Рейд учурунда автобекеттерде жүргүнчү ташуучу автоунаалардын техникалык абалы текшерилип, жайкы дөңгөлөктү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, унаанын бардык тетиктери оң абалда болгон учурда гана каттамга чыгаруу талаптары коюлду.
Мындан сырткары жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген мекемелердин жетекчилерине, тийиштүү кызмат адамдарына эскертмелер берилди. ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар