Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Түркиялык депутаттар мушташып, бири ооруканага түштү – видео
07.12.2022 | 09:00
Туркиянын парламентинде кечээ, 6-декабрда депуттар мушташа кетип, бирөөсү ооруканага түштү. Бул тууралуу түркиялык Sabah басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, мушташ бюджеттик талкуулар учурунда чыккан.
“Талкуулар тынч башталган. Бирок бир нече убакыттан кийин, түшүнүксүз себептерден, чыңалуу жаралды. Ал ортодо AKP партиясынын (Адилет жана өнүгүү партиясы) депутаты Зафер Ышык Iyi партиясынын (Жакшы партия) депутаты Хүсейн Өрстү бир урду. Колунда шакеги болгондуктан, Хүсейн Өрс жаракат алды. Хүсейн Өрстүн жүрөк оорусу да болгондуктан, ооруканага жеткирилди. Ал дарыгерлердин кароосунда болуп, абалы жакшы экени айтылууда”, – дейт басылманын кабарчысы.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз