Бишкектеги стадиондун чакан аренасынын эскиздик долбоору плагиат болуп чыкты

Бишкектеги стадиондун чакан аренасынын эскиздик долбоору плагиат болуп чыкты

Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кайрадан салына турган чакан аренасынын эскиздик долбоору плагиат болуп чыкты. Бул алешем ишти парламенттин депутаты Дастан Бекешев байкап калган.

Белгилүү болгондой, буга чейин Тоголок Молдо көчөсүндөгү Arzu жана Time Out кафелери түрттүрүлгөн. Кафелер ээлеп турган жерде мурда кичи арена болгон. Бирок кийин эскилиги жеткендиктен бузулуп, ал жер ижарага берилген. Эми Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чакан аренасын кайрадан салуу пландалууда. Мэрия “Бишкекбашкыархитектура” мекемеси даярдаган кичи аренанын эскиздик долбоорун да жарыялаган.

Эми “Бишкекбашкыархитектура” даярдады” деген эскиздик долбоор плагиат экени белгилүү болууда. Аталган эскиздер Россиянын Самара шаарындагы “Муз ордосунун” ондоп-түзөө боюнча долбооруна таандык жана 2015-жылы эле жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>