Эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстандын жараны кармалды. Буд туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, 22-февраль күнү К.Б.Г. аттуу Өзбекстандын жараны Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды. Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылып алынган.
Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.