Камакта ачкачылык кармап жаткан Нарматованын абалы кандай?

Камакта ачкачылык кармап жаткан Нарматованын абалы кандай?

Акыйкатчы институтунун кызматкери төрт күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова менен жолугушту.

Институттун маалыматы боюнча, ал ашказаны тарабы ооруп жатканын билдирген. Анын айтымында, анда ашказан жарасы бар. СИЗОнун медициналык бөлүмү ооруну басаңдатуучу уколдорду, дарыларды берген.

Нарматова ачкачылыкты токтотууну көздөбөйт, СИЗОнун кызматкерлерине эч кандай дооматы жана арызы жок.

“Тергөө абагынын кызматкерлери анын ачкачылык жарыялаганын тастыкташты, алардын айтымында, Нарматова суу гана ичет”, деп билдиришти Акыйкатчы институтунун кызматкерлери.

ЖАМК мурда маалымдалгандай, камактагы 12 активист, саясатчылар жана блогерлер ачкачылык кармап жатышат.

Жапырт камоо: Абактагы айымдар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>